Жума күнү орус тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри менен телефон сүйлөшүүсүндө Орусия жетекчилиги коррупцияга аралашкан деген Вашингтондон айтылган сөздөргө нааразылыгын билдирди.
"Андай айыптоолор жок жерден чыккан жана орой” кептер деген Лавров тараптар ортосундагы мамилелердин чыңалуусу үчүн жоопкерчилик толугу менен Вашингтонго жүктөлөрүн баса белгиледи, - деп айтылат орус тышкы иштер мекемесинин билдирүүсүндө.
Анын алдында орус мамлекет башчысынын маалымат катчысы Дмитрий Песков президент Владимир Путинди коррупциялашкан деген айыптоосу үчүн Москва АКШ бийликтеринен түшүндүрмө күтүп жатканын айткан.
28-январда Ак үйдүн маалымат катчысы АКШнын Финансы министрлигинин расмий өкүлүнүн Путиндин коррупциялашканы тууралуу сөздөрү президент администрациясынын көз карашын чагылдырарын билдирген.
Апта башында АКШнын Финансы министрлигинин Терроризмге жана каржы кылмыштарына каршы күрөшүү департаментинин жетекчиси Адам Шубин Би-Би-Синин Панорама программасына "Путин байлыгын жаап-жашырууда, паракор, жоро-жолдоштору менен саясий санаалаштарын байытууну гана көздөйт" деген. Кремль фильмдин мазмуну "ойлоп табылганын" айтып, "жалаа жабуу" деп сыпаттаган.