Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:03

“Тарых жана маданият жылын” өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекция түзүлдү


Көчмөндөр оюну
Көчмөндөр оюну

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, 29-январда болгон жыйында премьер-министр Темир Сариев быйыл Кыргызстандын эгемендик алганынын 25 жылдыгы менен бирге бир катар маанилүү тарыхый мааракелер бар экенин билдирди.

Алардын алкагында 1916-жылдагы Улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн жана Улуу Үркүндүн 100 жылдыгы, Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы, Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгы, залкар ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы жана Тайлак баатырдын 220 жылдыгы сыяктуу мааракелер расмий белгиленет. Буга байланыштуу өкмөт комплекстүү иш-чаралардын планын талкуулады.

“Тарых жана маданият жылын” өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын жетекчиси болуп драматург Султан Раев дайындалды. Ал мурда Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси, "Мурас" фондунун башчысы, Кыргызстандын маданият министри, "Азаттыктын" Бишкектеги тыш кабарчысы, "Кыргыз руху" эркин гезитинин редактору сыяктуу кызматтарды аркалаган.

Маалыматка ылайык, өкмөттүк план төрт бөлүктөн туруп, ага 140тай иш-чара камтылган. Жыйында айрым сунуштарды эске алуу менен иш планды 10 күндүн ичинде тактап чыгууга тапшырма берилди. (AzK)

XS
SM
MD
LG