Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

Жол кайгуул кызматкерин сүйрөп кеткен айдоочу кармалды


Бул туурасында “Азаттыкка” ИИМдин Жол кайгуул күзөт кызматынын маалымат катчысы Тилек Оторов билдирди. Анын айтымында, МАИ кызматкерине документин көрсөтүүдөн баш тартып, аны унаасынын капотунда сүйрөп, качкан деп шектелген жаран, 22 жаштагы Адилет Максутов экени аныкталды. Анын унаасы 29-январда Бишкектин түштүк кичи райондорунда табылган. Издөө иштеринин жыйынтыгында айдоочу бүгүн кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

28-январь күнү терезелери караңгылатылган, BMW үлгүсүндөгү автоунаасынын ээси МАИ кызматкерине тийиштүү документин көрсөтүүдөн баш тартып, аны автоунаасы менен уруп, качып кетүүгө аракет кылган. Унаанын капотуна жармашкан кызматкерди айдоочу бир километр жерге чейин сүйрөп барып, бурулган учурда ал жерге кулап түшкөн. Учурда жараат алган кызматкерге медициналык жардам көрсөтүлдү. (AzK)

XS
SM
MD
LG