Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:26

Ысык-Көл боюнча былтыр Сирияга 39 адам чыгып кеткен


Облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн кызматкери Жеңишбек Абыкановдун “Азаттыкка” билдиришинче, бул жарандардын көпчүлүгү түшүнбөстүктөн Түркия жана Орусияга иштейбиз деп барып, андан ары Сирияга өтүп кеткендер. Алар боюнча тиешелүү документтер топтолуп, кылмыш каттоо китебине киргизилди. Жакында Тоң районунун Бөкөнбаев айылынан дагы бир үй-бүлө үйүн сатып, кеткенге камданып атканын милиция кызматкерлери билип калып, алып калышкан. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. (AsM)

XS
SM
MD
LG