Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:41

Орус истребители америкалык учакка коркунуч жаратты


Дүйшөмбү күнү Орусиянын СУ-27 истребители Кара деңиздин үстүнөн эл аралык аба мейкиндигинде учуп бара жаткан АКШнын чалгындоочу учагын беш метр жакындыкта жандап учкан.

Пентагондун өкүлдөрү бул туурасында бейшемби күнү маалымат берип, орус пилотун өзүнө жана америкалык экипажга коркунуч жаратты деп билдирип, анын иш-аракетин кооптуу жана профессионалдуу эмес деп белгиледи. Маалыматка караганда орус учкучу чалгынчы учакка беш метр жакындыкта учуп, андан ары катуу ылдамдыкта оң тарапка өтүп кеткен. Бул өз кезегинде америкалык учакта туруксуздукту жараткан. Буга байланыштуу АКШ орус тарапка нааразылыгын билдирди. (AzK)

XS
SM
MD
LG