Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:04

Бирмингемде Сириядан кайткан аял өкүмүн күтүп жатат


“Ислам мамлекети” уюму менен байланышы бар деп айыпталып жаткан 26 жаштагы британиялык аял Тарина Шакилдин жоопко тартылышы Британияда алгачкы катталган окуялардан болуп саналат. Эмчектеги баласы менен Сирияда болгон бул аял социалдык тармактарда жарыялаган тескттеринен улам терроризмге колдоо көрсөткөн деп да айыпталууда.

Тарина Шакил өзү айыптоолордун айрым бөлүгүн четке какканы менен Сирияга барганын моюнуна алды. Бирмингемде эки апта бою созулган соттук териштирүү учурунда “Ислам мамлекетинин” кара желеги менен кошо тартылган сүрөттөр, маалыматтар, Твиттер жана “курал алгыла” деген чакырыктар көрсөтүлгөн.

Аялдын адвокаттары аны бактысыз үй-бүлөлүк жашоодон кутулуу үчүн Сирияга кеткен деп далилдөөгө аракет кылышкан.

Шакилге өкүм дүйшөмбү күнү чыгаары күтүлүүдө. (AzK)

XS
SM
MD
LG