Die Welt немис гезитинин Евробиримдиктеги жогорку деңгээлдеги дипломатка шилтеме берип жазган маалыматында, Анкара 5 миллиард евро алууну көздөп жатканы, бирок Брюссель 3 миллиард гана берүүгө даяр экендиги айтылат.
Буга чейин Евробиримдик бул акчаны Түркияга качкындарды колдоо үчүн берерин билдирген. Бул үчүн Батыш Европаны карай бет алган качкындар агымын кармап туруу шарты коюлган.
БУУнун качкындар боюнча башкармалыгынын маалыматында, 1-28- январда Түркия аркылуу Грецияга 54 миң качкын өткөн.(AzK)