Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:16

Кыргызстанда былтыр уюшкан кылмыш топторунун 250дөй мүчөсү кармалган


Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2015-жылы уюшкан кылмыштуу топтордун 243 мүчөсү кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Кармалгандарын ичинен 10 кылмышкер кримчөйрөдө өзгөчө статуска ээ адамдар болгон. Алардын сегизи “смотрящий”, бирөө "кеңешчи" болсо, дагы бирөө уюшкан кылмыш тобунун "лидери" болуп саналат.

Өткөн жыл ичинде ички иштер органдары тарабынан буга чейинки издөөдөгү уюшкан кылмыш тобунун 42 мүчөсү кармалган. Бүгүнкү күндө дагы 15 адамды издөө иштери уланууда.

Премьер-министр Темир Сариев 29-январда ИИМдин коллегиясында Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш солгун экенин айтып, бул жаатта аракетти күчөтүү зарылдыгын билдирген. (AzK)

XS
SM
MD
LG