Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Калининградда Холокост курмандыктарынын элесине арналган марш өтөт


Холокост курмандыктарына арналган мемориал. Германия
Холокост курмандыктарына арналган мемориал. Германия

27-январь - Холокост курмандыктарын эскерүүнүн эл аралык күнүнүн алкагында бүгүн, 31-январда Калининградда 10 километрлик “Жашоонун маршы” жүрүшү уюштурулат.

Жүрүш Круглова айылынан Янтарный айылына чейин созулат. Балтика деңизинин жээгинде 2011-жылы курулган 1945-жылдагы Пальмникендеги Холокост курмандыктарынын мемориалында аза күтүү митинги болот.

Чогулгандар Экинчи дүйнөлүк согушта 1945-жылдын 31-январынан 1-февралга караган түнү нацисттердин колунан каза тапкандарды эскеришет. Балтиканын жээгинде нацисттер миңдеген жөөттөрдү аёсуз өлтүрүшкөн. Аялдар, балдар жана кары-картаңдарды кошкондо 7000 адамды 20 градус суукта Кенинсбергден айдап чыгып, деңизге чейин алып барышкан. Деңизге жеткен 3000 кишини муздак сууга айдап, аткылашкан. Арасынан 13 гана киши тирүү калган. (AzK)

XS
SM
MD
LG