Бул тууралуу облус жетекчисинин социалдык тармак боюнча орун басары Рита Борбукеева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 2015-жылдын 12 айында 11 250 бала төрөлгөн. Алардын ичинен 175 наристе чарчап калган. Балдардын өлүмү көп катталган аймактар катары Каракол, Балыкчы шаарлары жана Тоң району эсептелет. Алардын ичинен 108 наристе төрөт үйлөрүндө чарчаган.
Адистер балдар өлүмүнүн негизги себептерин боюнда бар аялдардын кеч каттоого турушу, өнөкөт оорулары бар аялдардын патология менен төрөшү, анемия оорусунун күчөшү жана УЗИлердин сапатынын начарлыгы менен байланыштырышат. (AsM)