Бул тууралуу “Азаттыкка” Травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди. Анын айтымында, 90 пайыз денеси күйүп, ооруканага түшкөн 24 жаштагы европа улутундагы киши каза болуп калды.
Кечээ 30-январда Бишкектин Фучик көчөсүндө күндүзгү саат ондор чамасында бул адам өзүнө өрт коюп, кийин ооруканага жеткирилген болчу. Анын эмне себептен өзүн-өзү өрттөгөнү белгисиз. (BCh/AzK)