Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:05

Бишкекте насыяны доллардан сомго которууга арналган жыйын өтөт


Банктан доллар менен алынган насыяларды сомго алмаштыруу маселеси боюнча бүгүн Улуттук банк менен өкмөт өкүлдөрү Бишкекте маалымат жыйын өткөрүшөт. Кыргыз өкмөтүнүн Насыя саясаты жана каржы бөлүмүнүн башчысы Азиз Аалиев, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов жана каржы министри Адылбек Касымалиев бул жаатта көйгөй жараткан суроолорго жооп бермекчи.

Банктардан доллар менен насыя алгандар карызды сомдун куну качкан сайын күнүмдүк курстун өлчөмүндө төгүү оорго туруп жатканын айтып келишет. Банктар бул маселеде өкмөт кандай чара көрсө, ошого жараша аракет болорун билдиришет.

Өткөн жылдын соңунда бийлик өкүлдөрү доллар менен алынган насыяларды сомго трансформациялоо боюнча механизмдер иштелип чыгарын билдирген болчу.

Учурда бир АКШ доллары 76 сомдун тегерегинде болууда. Жарандардын көбү курс 45-50 сомго барабар учурда насыя алышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG