Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:26

Фарид Ниязовдун үстүнөн жазылган арыз боюнча бүгүн сот башталат


Фарид Ниязов
Фарид Ниязов

Бишкектин Биринчи Май райондук соту журналист Дайырбек Орунбековдун президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязовдун үстүнөн жазган арызын бүгүн карай баштайт. Алгачкы отурум түштөн кийинкиге белгиленгенин журналисттин жактоочулары “Азаттыкка” кабарлашты.

Өткөн жумада сот Орунбековдун президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн жазган арызын да кароону баштаган. Бийлик башындагылардын укугун адвокат Чынара Мусабекова коргоп жатат.

Атамбаев жаңы жыл алдындагы маалымат жыйынында Орунбековду буйрутма менен иштейт деп айыптаган. Андан соң Фарид Ниязов ушундай билдирүү жасаган. Мындан улам кадыр-баркыма шек келди деген доомат менен журналист алардан символикалык түрдө бир сом өндүрүү талабы менен сотко кайрылган.

Буга чейин Дайырбек Орунбеков maalymat.kg сайтында июнь коогасы боюнча Атамбаевди каралап жазган деп табылып, 2 млн сомго айыпка жыгылган. (SE)

XS
SM
MD
LG