Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:10

Сауд Арабияда казак жараны терроризмге шектелип кармалды


Саудияда чыккан гезиттин кабарына караганда полиция өткөн аптада “террорго” шектелген 33 кишини, анын ичинде Кошмо Штаттардын тогуз жаранын кармаган.

Англис тилинде чыккан Saudi Gazette гезити 31-январдагы санында аты-жөнү беймаалым булакка таянып, төрт америкалык 25-январда, калгандары кийинки күндөрү кармалганын жазып чыкты.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин өзүн атабоону каалаган өкүлү дагы мындан кабардар экенин айтып, бирок так маалымат берген жок.

Гезит кармалгандардын арасында Сауд Арабиянын 14, Сириянын эки, Индонезиянын, Филиппиндин, Араб Эмираттарынын, Палестинанын жана Казакстандын бирден жараны бардыгын жазды.

Макалада алардын Сауд Арабияда бир катар кандуу чабуулдарды уюштурган “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна тиешеси бар-жоктугу айтылган эмес.

XS
SM
MD
LG