Сириянын баш калаасы Дамаск шаарында 31-январдагы кош жардыруу 60тан ашуун кишини набыт кылып, 110 адам жаракат алганын France Presse агенттиги кабарлады. Теракт үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму өзүнө алды. Сириянын телеканалы жарылуулар шийиттердин ыйык Сайид Зейнаб аймагында болгонун, оболу жардыргыч зат коюлган унаа жарылып, андан соң жанкечти экинчи бомбаны жардырганын маалымдады.
Жума күнү Женевада Сириядагы жаңжалды басуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрү башталды. Ага чейин Швейцарияга президент Башар Асаддын саясий режимине каршы күрөшкөн, курамы 17 саясий жана аскерий топтордун өкүлдөрүнөн турган Сирия оппозициясынын делегациясы келген.
Бирок оппозициялык топ кандуу жаңжалды басууга кызыкдар экенин көрсөткөнү менен тынчтык сүйлөшүүлөргө катышары белгисиз болууда.