Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

Москвада өрттөн каза тапкандардын сөөгү Кыргызстанга бекер алынып келинет


Кырсык болгон жер.
Кырсык болгон жер.

Кыргызстандын өкмөтүнө караштуу Миграция кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, Орусиянын бардык шаарларынан "Жүк-200дү" “Кыргызстан” жана “Эйр Бишкек” авиакомпаниялары бекер ташыйт. Бул шартты пайдалануу үчүн өрттөн каза тапкандардын жакындары Миграция кызматына арыз менен кайрылышы керек. Эгер арыз жазылгыча каза тапкандардын сөөгү мекенине кайтарылса, миграциялык кызмат маркумдардын жакындарына жол чыгымын кийин жазылган арыздын негизинде кенемте катары төлөп берет.

31-январга караган түнү Москва шаарынын Стромынка көчөсүндөгү тигүүчү цехте чыккан өрт 8 кыргыз жаранынын өмүрүн алып кетти. Алардын ичинде жаш бала да бар. Орус телеканалдарындагы маалыматтарга караганда, имараттагы цехти кыргыз жараны, жеке ишкер Алым Тогузаков ижарага алып иштетип жүргөн. Цехте иш күнү-түнү жүрчү. (AzK)

XS
SM
MD
LG