Бул күндүн алкагында кыргыз бийлигинин жана коомчулугунун өкүлдөрү Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн чыңдоого салым кошкон даңазалуу мамлекеттик ишмерлердин Тарых музейинин чыгыш тарабындагы аянтта жайгашкан айкелдерине гүл коюшту. Мындан тышкары алар Чоң-Таш айылындагы “Ата Бейит” эскерүү комплексине зыярат жасашты.
Түштөн кийин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин башкы жыйын залында Кыргыз АССРинин түзүлгөнүнүн 90 жылдыгына арналган салтанаттуу тегерек стол өткөрүлөт. Анда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхый баскычтарына тиешелүү ар кыл маселелерди изилдеген тарыхчылар, философтор, саясат таануучулар жана коомдук ишмерлер өз баяндамалары менен чыгып сүйлөшөт.
Үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы, Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгы жана Кыргызстандын мамлекеттик көз каранды эместикке жетишинин 25 жылдыгы салтанаттуу белгиленүүдө.
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында орчун орунга ээ болгон бул мааракелик окуяларга байланыштуу ар тараптуу маданий, илимий жана башка коомдук иш-чаралар өткөрүлүүдө. Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, 2016-жыл Тарых жана маданият жылы деп жарыяланган. (AzK)