Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:39

"Мадина" базарындагы мечиттеги бомба тууралуу жалган айткан жаран кармалды


Ички иштер министрлигинен “Азаттыкка” билдиришкендей, кечээ 31-январда белгисиз жаран "Мадина" базарынын ичиндеги мечитте бомба коюлган деп маалымат тараткан. Ал жерди укук коргоо органдары текшерип, маалымат жалган экенин аныкташкан.

Бүгүн бул окуяга шектүү делип 26 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Жалган маалымат берген жаран азыр сурак берүүдө. Буга чейин дагы бир жаран “Айчүрөк” соода борборунда бомба бар деп маалымат айтып, ал да жалган экени тастыкталган. (AzK)

XS
SM
MD
LG