Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:53

1-февралдан ипотекалык кредиттерди доллардан сомго которуу башталат


Кыргыз сому.
Кыргыз сому.

Бул туурасында “Азаттыкка”өкмөттөн кабарлашты. Маалыматта айтылгандай, кредитти улуттук валютага которуу 40 миң долларга чейин ипотека алган бардык жарандарга тийиштүү.

Алдын ала маалыматтарга караганда, доллар менен алынган кредиттер 62,14 сом курсу менен алмашылат. Бул Улуттук банктын 2015-жылдын 1-июнуна карата расмий курсу. Жалпысынан акчанын курсунан чыккан айырма 574 миллион сомду түзөт жана ал Улуттук банктын эсебинен төлөнөт. Өкмөттүн ырасташынча, бул 2 миң 864 бюджеттик кызматкердин маселесин чечет.

Айрым талдоочулардын ырасташынча, мындай аракеттер көзгө көрүнөрлүк жыйынтык бербейт. Ал көрөкчө өкмөт валютанын учурдагы курсун калтырып, бирок акчаны сомго которууда доллардык кредиттердин үстөк пайызын сактап берсе туура болмок. (AzK)

XS
SM
MD
LG