Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:44

БУУ эл аралык коомчулукту ирактыктарга жардам берүүгө чакырды


Ирактын бир катар аймактары "Ислам мамлекетинин" карамагында.
Ирактын бир катар аймактары "Ислам мамлекетинин" карамагында.

Улуттар Уюму эл аралык коомчулукту согуштан жапа чеккен ирактыктарга жардам ирээтинде 861 миллион доллар бөлүп берүүгө чакырды.

“Биздин башкы максат-өзгөчө оор абалдагы адамдарга эң керектүү тамак аш, суу, чатыр жана акчалай жардам көрсөтүү”-деп билдирди Багдадда өткөн уюмдун жыйынында Ирак боюнча гуманитардык жардамдын координатору Лиз Гранд.

Ирактагы согуштан улам 3,3 миллион адам үй-жайын таштап өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. 31-январда жарыяланган өкмөттүн отчетуна ылайык, бул жылы гуманитардык кризистен чыгуу үчүн 1,5 миллиард доллар керек. Учурда Ирактын бир катар шаарлары “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун карамагында.

XS
SM
MD
LG