Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Орусияда жумушсуздардын саны бир миллиондон ашты


Орусияда расмий түрдө каттоого алынган жумушсуздардын саны бир миллиондон ашты. Бул тууралуу бүгүн Эмгек министрлиги билдирди. Мекеменин отчетуна ылайык, соңку он күндүн ичинде жумушсуздардын саны 30 миңге көбөйгөн.

Буга чейин Орусиянын Экономика министрлиги 2016-жылга карата социалдык-экономикалык божомолдун жаңы версиясын жарыялаган. Ага ылайык, өлкөдө жакырлардын саны көбөйөт. Тактап айтканда калктын кирешеси бул жылы төрт пайызга кыскарат, ал эми жумушсуздук 6,5 пайызга өсөт. Росстаттын маалыматы боюнча, 2015-жылы орусиялыктардын айлык маянасы 9,5 пайызга кыскарган.

XS
SM
MD
LG