Белгия Евробиримдиктин өлкөлөрүнөн алгачкы болуп качкын статусунан баш тарткан мигранттарды мекенине кайтара баштады. Дүйшөмбү таңда Брюсселдин аэропортунан 111 мигрант Иракка учак менен жөнөтүлдү.
Өлкөнүн Миграция жана качкындар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Тео Франкендин айтымында, мигранттар лайнер менен жөнөтүлдү. “Алардын айрымдарына Белгия жакпай калган үчүн артка кайтууну туура көрүштү” деп кошумчалады Франкен.
Башкармалыктан маалым болгондой, сентябрь-октябрь айларында Ирактын 7 миңдей жараны Белгиядан баш калка сурап кайрылган. Алардын басымдуу бөлүгү Багдаддан келген жигиттер.
Белгияда ирактыктарды качкын эмес, экономикалык мигранттар катары карашат. 2015-жылы 1014 мигрант мекенине кайткан. Мурдараак өз каалоосу менен качкын макамынан баш тарткан мигранттарды мекенине кайтаруу үчүн каттамдарды уюштуруп берүүгө даярдыгын Швеция менен Германия да билдиришкен.
2015-жылдын башынан бери Европага Ирак, Ооганстан жана Сириядан келген качкын-мигранттардын саны бир миллиондон ашты.