Кыргызстандын жогорку окуу жайларындагы аскердик кафедраларды жоюуну сунуштаган мыйзам долбоору парламентке талкууга жиберилди. "Аскердик кызмат жөнүндөгү" мыйзамга Коргоо иштери боюнча мамлекеттик департамент өзгөртүүлөрдү киргизгенин Аскерге чакыруу башкармалыгынын башчысы Арстанбек Керималиев “Азаттыкка” билдирди:
-Биздин сунушубуз боюнча бир гана Медициналык академияда аскердик кафедра болот. Кыргызстанда мыйзамга ылайык, армияга барбагандар мамлекеттик жумуштарга орношо албайт. Жигиттерибиздин жоокердик билим деңгээли көтөрүлсүн деп жатабыз.
Азыр Ош мамлекеттик университетинде жана Бишкектеги Курулуш жана архитектура университетинде аскердик кафедралар бар.
Мыйзам долбоорунда ошондой эле жоокерлердин электрондук базасын түзүп, аскерий билетти ID card түрүндө берүү жагы каралган. (SE)