Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:46

Айова штатында президенттик шайлоонун алгачкы таймашы башталды


Айовада демократтардан Хиллари Клинтон алдыга чыгуусу күтүлүүдө.
Айовада демократтардан Хиллари Клинтон алдыга чыгуусу күтүлүүдө.

АКШдагы демократтар жана республикачылар бүгүн шайлоо процессинин алгачкы тепкичин аттоодо, анын жүрүшүндө президенттикке талапкерлер аныкталат.

Салтка айланып калгандай эле Айова штатынын тургундары алгачкылардан болуп эки партиянын талапкерлерине добуш берет. Коомдук пикирди сурамжылоонун жана аналитиктердин боолгосунда Айовада демократ талапкерлердин арасында Хиллари Клинтондун жеңип чыгууга мүмкүнчүлүгү көп. Анын негизги атаандашы - сенатор Берни Сандерс.

Республикачылардын штаттагы тарапташтары сурамжылоолорго ылайык, миллиардер Дональд Трамптын талапкерлигин колдоого даяр. Анын башкы атаандаштары - сенаторлор Тед Круз жана Марко Рубио. Жалпысынан республикачылардан 11 талапкер президенттикке ат салышууда. Бир аптадан кийин алгачкы шайлоо жараяны Нью Гемпшир штатында өтөт. Партиялардын ички добуш берүүсү июндун башында жыйынтыкталат. Расмий түрдө эки партия тең президенттикке талапкерлерин июлда жарыялашат.

XS
SM
MD
LG