Москвада 12 адамдын өмүрүн алган өрт боюнча Орусиянын Кылмыш кодексинин “мүлктү атайлап жок кылуу” деген беренеси боюнча кылмыш иши ачылды. Буга чейин “эки же андан көп адамды өлтүрүү” деген негизде ачылган иш жогорудагы беренеге алмаштырылганын “Азаттыктын” Москвадагы кабарчысы Лазат Такырбашова Тергөө комитетинин маалыматына таянып билдирет.
30-январдын түнүндө Москванын Стромынка көчөсүндөгү тигүүчү цехте 500 чарчы метр жер өрттөнгөн, жалын жалпысынан 3000 чарчы метрди каптаган. Өрт өчүрүүчүлөр төрт кишини куткарып калышкан. Кырсыкта каза болгон 12 адамдын сегизи кыргызстандык экени аныкталды.
Москванын мэри Сергей Собянин шаардын чыгыш тарабындагы мигранттар иштеген өндүрүш зонасын тыкыр текшерүүгө атайын тапшырма берди.