Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

Меркель Москвага каршы санкцияларды узартууга чакырды


Порошенко жана Меркель.
Порошенко жана Меркель.

Германиянын канцлери Ангела Меркел Украинанын чыгышындагы кырдаал тынчыбай келатканына байланыштуу жана Донбасстагы жикчилдерге колдоо көрсөтүүнү улантып жатканы үчүн Евробиримдик Орусияга каршы санкциялар алынбашы керек деп билдирди. Бул тууралуу ал Украинанын президенти Петр Порошенко менен 1-февралда Берлинде жолугушкандан соң маалымат жыйында айтты.

-Донбасстагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн Москва Минскиде түзүлгөн келишимдердин талаптарын толугу менен аткармайынча санкциялар сакталышы керек.

Порошенко да Орусия толугу менен Минск келишимин шарттарын аткармайынча санкциялардын улантыла берилишин жактады. Украина чыгышында тынчтык орнотуу боюнча Минск келишимине 2014-жылдын сентябрында кол коюлган.

Москва Батыш жана Киев коюп жаткан бул айыптоолорду четке кагып, жикчилдерди колдобой турганын айтып келет.

XS
SM
MD
LG