Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:16

Ирандын 100 миллиард доллардан ашуун активи кайтарылды


Иран риалы жана АКШ доллары. Иллюстративдик сүрөт.
Иран риалы жана АКШ доллары. Иллюстративдик сүрөт.

Иран бийлиги тараткан кабарга ылайык, өткөн жылы дүйнөлүк державалар менен түзүлгөн макулдашууга ылайык, Тегерандын банктарда тоңдурулган 100 миллиард доллардан ашуун активи чечилди. Өкмөттүн басма сөз катчысы Мухаммед Бахар Нобакт акчанын басымдуу бөлүгү Кытай, Индия, Жапония, Түштүк Корея жана Түркиядагы банктарда сакталарын маалымдады. Бул каражаттар Тегерандын өзөктүк программасына байланыштуу 2012-жылы тоңдурулган болчу.

Нобакт мындан ары Иран акчаларды өз чечимине ылайык пайдалана аларын, бирок четтен товар сатып алуу максатында каражаттын негизги суммасы банктарда каларын белгиледи.

Ал арада Борбордук банктын башчысы каржы институттарынын дүйнө боюнча акча которуу операцияларын жүргүзүү системасына (SWIFT) ирандын тогуз банкы кошулганын маалымдады.

Иранга киргизилген эл аралык санкциялар өткөн айда алынган. (SE)

XS
SM
MD
LG