Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:05

Ошто аялдар үчүн диний экстремизмге каршы жыйын өтүүдө


Ош шаарындагы Улуттук драма театрында аялдар үчүн диний экстремизмге каршы масштабдуу жыйын өтүүдө. Ага миңден ашуун кыз-келиндер катышып жатат. Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук комитети жана муфтият биргелешип өткөргөн иш-чарада коомчулукка ачыкка чыкпаган, мурда көрсөтүлбөгөн тасмалар, Сирияга барып келгендердин сурак бергени жана согуш болуп жаткан өлкөлөрдө тартылып, интернетке тараган видеолор көрсөтүлүүдө. Ушундай эле окуу, жыйындар эркектер үчүн мечиттерде өткөрүлүүдө. Алдын алуу иш-чаралары, окуулар башка райондордо да уюштурулат.

ИИМдин маалыматына караганда, Кыргызстанда экстремисттик иш-аракеттерге аралашкан аялдардын саны акыркы он жылда 25 пайызга өскөн. Алардын баары күч органдары тарабынан аныкталып, кылмыш-иликтөө китебине каттоого алынган. Ал эми Сирия жана Иракка “жихадга” кеткендердин сегиз пайызын аялдар түзөт. (КЕ/YI)

XS
SM
MD
LG