Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

Нарында ВИЧ-инфекциясы тез өсүп жатканы байкалууда


Нарында жалпысынан ВИЧ инфекциясынын 103 учуру катталып, былтыркы жылга салыштырмалуу 31ге көбөйгөн. Булардын ичинен 20сынын оорусу быйыл аныкталган. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Абдраимакунова билдирди. Оорулуулардын 89у каттоодо турат, калганы убактылуу Бишкек шаарында жашагандар.

Катталгандардын 27си аялдар болсо, 76сы эркектер жана алардын басымдуу бөлүгү 30-40 жаштардагылар. Адистер бул илдеттин тез тарашын тышкы миграция менен байланыштырууда. Бул үчүн чет өлкөдөн мекенине кайткан жарандарды ВИЧке анализ тапшырууга милдеттендирүү сунушун айтып келишет. (MiK)

XS
SM
MD
LG