Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

MegaCom сатыкка коюлду


MegaCom деген товардык белги менен таанымал “Алфа Телеком” жабык акционердик коомунун 100% акциясы сатыкка коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун расмий сайтына жарыяланды. Маалыматка караганда, “Алфа Телекомдун” баштапкы наркы атайын комиссия тарабынан 19 млрд. сом деп бааланган. Аукцион ачык түрдө ушул жылдын 4-майында өткөрүлөт. Учурда аталган фонд “Алфа Телекомду" сатуу боюнча керектүү иштерди алып барууда. Арыздарды кабыл алуу мөөнөтү 90 күн.

Өткөн жылдын соңунда MegaCom уюлдук компаниясына инвестор табуу керектигин премьер-министр Темир Сариев билдирген болчу.

Коомчулукта MegaCom компаниясынын таза кирешеси 2 млрд. сом экенин айтса, Экономика министрлиги анын банкротко баратканын билдирип келатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG