Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Дүйшөмбү Рахмондун кызы жаңы кызматка келишинде мыйзам бузулбаганын айтты


Тажикстан президенти Рахмон кызы Озодага "Урмат" орденин тагып жатат, 2015-жыл.
Тажикстан президенти Рахмон кызы Озодага "Урмат" орденин тагып жатат, 2015-жыл.

Тажик президентинин укуктук маселелер боюнча жардамчысы Шохназаров Эмомали Рахмон кызы Озоданы президенттик аппараттын башчылыгына дайындоосунда мыйзам бузуу болбогонун бүгүн журналисттерге билдирди. Анын айтымында, бул дайындоо коррупцияга каршы күрөш боюнча мыйзамдын "кызматкер жакын тууганынын түз баш ийүүсүндө, же кол астында болбошу керек" деген ченемдерин бузбайт. Анткени президенттик аппараттын башчысы түздөн-түз премьер-министрге баш ийет.

Тажик президенти Эмомали Рахмон өткөн шаршембиде кызы Озоданы президенттик аппараттын башчылыгына дайындаган. 38 жаштагы Озода Рахмон буга чейин Тажикстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары эле.

XS
SM
MD
LG