Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:50

Пакистандагы нааразылык акциясында эки адам өлдү


Пакистан -- Карачи аба майданындагы кагылыш, 2-февраль, 2016.
Пакистан -- Карачи аба майданындагы кагылыш, 2-февраль, 2016.

Карачи эл аралык аба майданында бүгүн Пакистан эл аралык аба жолдору компаниясынын кызматкерлери менен коопсуздук күчтөрү кагылыша кетти. Андан аталган компаниянын эки кызматкери мерт болуп, дагы бир канчасы жаракат алды. Компания кызматкерлери өкмөттүн менчиктештирүү планына каршы акцияга чыкканда коопсуздук күчтөрү аларды басууга аракет кылып, ортодо кагылыш чыгып кеткен.

Жергиликтүү ооруканадагы булактар эки адам өлүп, 13 киши жаракат алганын, арасында журналисттер да бар экенин ырастады.

Коопсуздук күчтөрү менен полиция аэропорттун башкы эшигине карай жөнөгөн нааразы кызматкерлерди таратуу үчүн көздөн жаш агызчу газ менен суу аткычтарды колдонгон. Ок атылганы да угулганы айтылганы менен полиция аны четке какты.

XS
SM
MD
LG