Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:47

Бийлик диний агымдардын укуктук шарттарын аныктоого киришти


Кыргызстанда диний агымдардын укуктук мүмкүнчүлүктөрүн аныктап, диний топтордун ишмердигине байкоо салуунун шарттарын аныктоо аракеттери жандандырылат. Бул жаатта атайын сунуштама даярдалып, анда шектүү саналган агымдар менен күрөшүүнүн күңгөй-тескейи камтылат жана ишенимдерди коомго зыян келтирбей, заманбап ыкмада колдонууга арналган жол-жоболор болот.

Президенттик аппарат, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана Европа кызматташтык жана коопсуздук уюму биргелешип бул темада “Хаят” отелинде бүгүн жыйын куруп, анын негизинде сунуштама иштелип чыгарын уюштуруучулар кабарлады. (SE)

XS
SM
MD
LG