Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:11

Путин чалгын кызматына жаңы жетекчи дайындады


Орусиянын башкы чалгынчысы Игорь Коробов.
Орусиянын башкы чалгынчысы Игорь Коробов.

Орусия Куралдуу күчтөрүнүн Башкы чалгындоо башкармалыгына генерал-лейтенант Игорь Коробов келди. Президент Путин ушундай жардык чыгарганын өлкөнүн коргоо министрлигинин маалымат кызматы ырастады. Буга чейин Коробов аталган кызматтын жетекчисинин орун басары болуп келген.

Чалгындоо башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, генерал-полковник Игорь Сергун 4-январда, 58 жаш курагында күтүүсүз дүйнө салган эле. Маркум чалгын кызматында отуз жылдан ашуун иштеп, 1984-жылдан бери тажрыйба топтогон. 2011-жылдан бери Башкы чалгындоо башкармалыгынын жетектеп келген. 2014-жылы апрель айында Украинанын бүтүндүгүнө шек келтирген деп Евробиримдик санкция киргизген орусиялык жетекчилердин тизмесине кошулган.

XS
SM
MD
LG