Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:45

Ата-энесинин кордугунан качып келген кыз атайын борборго жайгаштырылды


Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, 2 - февралда ата-энесинен кордугуна чыдабай качып келкен 17 жаштагы жалалабаддык Назбийке аттуу кыз Бишкектеги реабилитациялык борборго жайгаштырылды. Маалыматка ылайык, ал үйүндө жакындарынын катаал мамилесине туш болгонун, ошол себептен качып чыкканын айтып, мамлекеттик органдарга кайрылган. Учурда ага психологиялык жардам көрсөтүлүп жатат.

Назбийкеинин жакындары үйдө ага катаал мамиле жасалбаганын айтышууда. Окуянын чоо-жайы такталганга чейин ал аталган борбордо болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG