Мамлекеттик миграция кызматынан билдиришкендей, ушул жылдын 10-февралынан 10-мартына чейин памирлик кыргыздарга жардам көрсөтүү үчүн экспедиция уюштурулат. Анда Улуу жана Кичи Памирде жашаган беш үй-бүлөнү Кыргызстанга көчүрүп келүү маселеси каралат.
Памирлик кыргыздарды көчүрүп келүү жана жайгаштыруу үчүн Чоң-Алай районунан 20 гектар жер бөлүнгөн. Этникалык кыргыздарды көчүрүп келүүдө оболу алардын ден соолугуна көнүл бурулат.
Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринде 1400 кыргыздар отурукташкан. Алардын 80% Ооганстандын жарандыгын алган. Айрым маалыматтар боюнча, памирлик кыргыздардын саны кескин азаюуда. Себеби, аймактын климаттык шарты катаал, жашоо деңгээли төмөн. (КЕ)