Украин президенти Петро Порошенко бул тууралуу бүгүн немистердин “Билд” гезитинде жарыяланган маегинде билдирди. Анын айтымында, азыр Орусия менен согуш башталуу тобокелчилиги бир жыл мурдагыга салыштырмалуу күчөдү.
Порошенко кошумчалагандай, Орусия Украинанын чыгышындагы куралдуу жаңжалды жөнгөрүүнү караган Минск тынчтык келишиминин бир да шартын аткарган жок.
“Мунун ордуна биз өлкөбүздөн орусиялык 8000 аскерди жана командирлерди, түздөн-түз чек ара боюнан жаңы аскерий жайларды жана туруктуу аскерий машыгууларды көрүп жатабыз. Орусия согушка даярданууга көп инвестиция жасоодо”,- деген президент Порошенко “Билд” гезитиндеги маегинде.
Бул аралыкта Украинанын Антитеррордук операциялар боюнча штабы бүгүн жикчилер ок атышууну токтотуу шартын өткөн бир сутка ичинде 55 ирет бузганын, өкмөттөр күчтөрдүн турумун карай ок ачууда минемоттор да колдонулганын кабарлады. (UE)