Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:48

АКШда Зика вирусун жуктурган алгачкы адам катталды


Түштүк жана Борбордук Америка өлкөлөрүндө Зика вирусун таратуучу чиркейлерди жок кылуу аркети көрүлүүдө.
Түштүк жана Борбордук Америка өлкөлөрүндө Зика вирусун таратуучу чиркейлерди жок кылуу аркети көрүлүүдө.

Саламаттыкты сактоо тармагын тейлеген расмий өкүлдөр билдиргендей, бул вирусту алып жүргөн адам Техас штатында катталды.

Медициналык анализдер ал адам илдетти Зика вирусу бар аймакка барып келген адам менен жыныстык байланышта болгон соң жуктуруп алганы аныкталды.

АКШдан түшкөн бул кабар башаты чиркейлерге барып такалган Зика вирусунун жайылышы боюнча жаңы тынчсызданууларды жаратты.

Ушул дүйшөмбү күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Зиканы ал чыккан Түштүк жана Борбордук Америка аймагы үчүн эле эмес, жалпы дүйнө үчүн глобалдык коркунуч деп атаган.

Вирус эң көп жайылган өлкө - Бразилиянын президенти Дилма Руссеф кечээ парламентте сүйлөп жатып, буларга токтолду:

- Биз Зика вирусуна каршы вакцинаны мүмкүн болушунча тез жаратуу жөндөмүбүздү арттыруу, буга мүмкүнчүлүк түзүү үчүн АКШнын өкмөтү, президент Обама менен кызматташтабыз. Мен аны менен сүйлөштүм.

Зика вирусунун эң башкы кесепети, дарыгерлердин тили менен айтканда, микроцефалия же балдардын башы кичинекей болуп төрөлүп, мээсинин өспөй калышына алып келет. Бразилияда былтыркы жылы мына ушундай диагноз менен төрт миңден ашуун бала төрөлгөн. (UE)

XS
SM
MD
LG