Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:00

Бишкек жылуулук-электр борборунда авария болду


Бишкек жылуулук борбору
Бишкек жылуулук борбору

“Электр станциялары” мекемесинин маалымат катчысы Тагжана Айдаралиеванын “Азаттыкка” ырасташынча, бүгүн Бишкек жылуулук электр борборунун жылуулук берүүчү түтүгү жарылып кеткен. Буга байланыштуу шаардын бир бөлүгүнө жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулду. Учурда борбордун кызматкерлери аны калыбына келтирүүнүн үстүндө иштеп жатат. Айдаралиева жарылган түтүктү оңдоо иштери бүгүн түнкү саат 12ге чейин бүтөрүн белгиледи. Учурда авариянын себептери аныктала элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG