Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:40

Салянова: секелектерди күйөөгө берүүдө Кыргызстан 5-орунда


Бул тууралуу бүгүн “Парламент” радиосуна берген интервьюсунда депутат Аида Салянова билдирди. Эл өкүлү Үй-бүлө жана Кылмыш-жаза кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап, жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирүүнү демилгелеген. Анда каттоосу тууралуу күбөлүгү жок түгөйлөрдүн никесин кыйган молдолорду беш жылга чейин эркинен ажыратуу өңдүү жоболор каралган.

- Улуттук статистика комитети жүргүзгөн медико-демографиялык изилдөөлөрдүн көрсөткүчтөрү боюнча 18 жашка чыга элек кыздардын кеминде 15 пайызы, анын ичинен 1 пайызы 15 жашка чейинки куракта турмушка чыгышканын белгилөө керек. Мындай учурлардын көпчүлүгү жаш кыздардын турмушка эрте чыккан мезгилинде эмес, качан алар балалуу болушканда гана билинип жатат. Евразия чөлкөмүндө турган 35 мамлекеттин арасында 15-19 жаштагы кыздардын турмушка чыгуусу боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө Кыргызстан 5-орунда турат. Бул ойлондуруп, намыстанта турган нерсе.

Азыр бул мыйзам долбоор коомдук талкууда. Андан кийин парламентте каралмакчы. Кыргызстанда буга чейин да ушуга окшош мазмундагы мыйзам долбоор даярдалган. Анда расмий каттоого турбай нике кыйдыргандарга административдик жаза колдонуу каралган болчу. Бирок долбоорду өткөн чакырылыштагы депутаттар колдобой коюшкан.(КЕ)

XS
SM
MD
LG