Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:50

Депутаттарды мандаттан ажыратууга каршы акция өтөт


Мандатын тарттырган депутаттын тарапташтары. 15-январь, 2016-жыл
Мандатын тарттырган депутаттын тарапташтары. 15-январь, 2016-жыл

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Башкы прокуратуранын жанына пикетке чыгып, Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясындагы айрым депутаттардын мандаты алынганы үчүн каршылык акциясын өткөрөт. Активист өзү “Азаттыкка” кабарлагандай, ал көзүн кара чүпүрөк менен таңып алып, прокуратура мандат талашты көрмөксөн болуп жатат деп нааразылыгын билдирет.

Өткөн айда “Кыргызстан” фракциясынын сунушу менен Борбордук шайлоо комиссиясы эки депутатты мандатынан ажыраткан. 3-февралда дагы бир депутат – Урмат Ишенбековдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Эл өкүлдөрүнүн катарынан чыккандар муну фракция жетекчилигинин өзүм билемдиги деп баалашат. (SE)

XS
SM
MD
LG