Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:56

Порошенко: экономика министри кызматында калыш керек


Айварас Абромавичус.
Айварас Абромавичус.

Украин президенти Петро Порошенконун билдирүүсүнө караганда, саясий кысымды жана коррупцияны жүйө кылып бүгүн кызматтан чегингенин жарыялаган экономика министри ордунда калып, реформаларды алга жылдыруусу керек.

Украинанын теги боюнча литвалык экономика министри Айварас Абромавичус 3-февралда өкмөттүн “системалык жана маанилүү” реформаларынын баарына бут тосулганын айтып, кызматтан кетүүгө арыз жазган эле.

Реформачыл министрдин кызматтан чегинүүсү парламенттин өкмөткө нааразылыгы күчөп, ири бизнес магнаттардын саясий кызыкчылыктары кагылышып жаткан учурга туш келди.

40 жаштагы Абромавичус президент Порошенко реформаларды алга жылдырып, экономиканы көтөрүү аракетинде өкмөткө алып келген чет элдиктердин бири болчу.

Канада, Франция, Германия, Италия, Литва жана Швециянын элчилери биргелешкен билдирүүсүндө реформачыл министрдин кызматтан чегинишине терең өкүнүчтө экенин белгилешкен. (UE)

XS
SM
MD
LG