Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:07

Барак Обама мусулмандар мечитине барды


Барак Обаманын АКШ президенти катары мечитке барышы диний эркиндикти коргоо максатын көздөйт.

Президенттин Балтимордогу Ислам коомунун мечитине барып, жамаат лидерлери менен жолугуп, сөз сүйлөөсү АКШда мусулмандарга каршы риторика өскөн учурга туш келүүдө.

Мурдараак Ак үй президент Обама Балтимордогу мечитке америкалык мусулмандардын АКШнын коомдук турмушундагы салымын белгилөө жана диний эркиндиктин маанилүүлүгүн коргоо үчүн келерин билдирген.

Балтимордун президент барган Ислам коому өзүн АКШдагы эң ири мусулман уюму катары сыпаттап жүрөт.

Өткөн аптада Барак Обама АКШнын кызматта турган кезинде Израилдин элчилигине барып, сөз сүйлөгөн алгачкы президенти болгон эле. АКШ президенти сөзүндө дүйнөдө антисемитизм күчөп бара жатканын эскерткен.

Обама буга чейин америкалыктарды айрым саясатчылардын мусулмандарга каршы сөздөрүн четке кагууга да үндөгөн болчу. Мында биринчи кезекте Республикалык партиядан президенттикке үмүткөр Дональд Трамптын АКШга мусулмандардын киришине тыюу салуу чакырыгы эске алынган.

Трамп бул сөздөрдү Калифорниядагы Сан-Бернардино шаарчасында мусулман жубайлар декабрдын башында 14 адамды атып өлтүргөндөн кийин айткан эле. (UE)

XS
SM
MD
LG