БУУнун Сирия боюнча чабарманы Стеффан де Мистура мындай жарыяны бүгүн Сирия өкмөтүнүн делегациясы жана оппозиция өкүлдөрү менен өз-өзүнчө жолуккан соң жасады.
Чабармандын айтымында, Сириядагы жарандык согушту токтотууну максат кылган сүйлөшүүлөр 25-февралдан тарта кайра жанданышы керек.
Стеффан де Мистура белгилегендей, сүйлөшүүлөрдүн бир аптага созулган даярдык баскычынан кийин ал кызыкдар тараптар тарабынан али көп иш жасалуусу зарыл деген бүтүмгө келди.
Сүйлөшүүлөр оңунан чыкпай калган жок деп ырастаган БУУ чабарманынын пикиринде, тынчтык жараян чечилбеген маселелерди жөнгөрүү үчүн АКШ жана Орусия баштаган эл аралык демөөрчүлөрдүн токтоосуз жардамына муктаж болуп турат.
Женевадагы сүйлөшүүлөрдө Сирия оппозициясынын делегаттары алар көзөмөлдөгөн, бирок камалоодо калган он сегиз аймакка гуманитардык жардам киргизилүүсүн талап кылган эле.
Дамасктагы бийлик соңку күндөрү бир аз жардамдын өтүшүнө жол бергени менен өкмөттүк күчтөрдүн абадан Орусия колдогон аскерий аракеттеринин али уланып жатышы Сирия оппозициясынын Женевага келген делегаттарынын кыжырдануусун жараткан. (UE)