Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:46

Кыргызстанда Эл аралык эпизоотикалык бюронун эксперттери иштөөдө


Кыргызстанга ветеринардык абалды, мыйзамдык базаны жана жалпы системаны иликтөө үчүн Эл аралык эпизоотикалык бюронун эксперттери келишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Фитосанитардык жана ветеринардык коопсуздук боюнча өкмөт алдындагы мамлекеттик инспекциянын башчысы Калысбек Жумаканов билдирди. Анын айтуусунда, эл аралык эксперттер 12-февралга чейин өлкөнүн бардык аймактарын кыдырып, жергиликтүү адистер менен жолугуп, абал менен таанышат. Анын жыйынтыгында бир айдын ичинде өздөрүнүн баасын беришет.

-Биз Кыргызстандын ветеринардык, фитосанитардык кызматы эл аларык стандартка канчалык деңгээлде жооп берет, канчалык деңгээлде биз бул ишти туура уюштуруп жатабыз, эл аралык стандартка туура келтирүү үчүн кандай реформаларды жүргүзүшүбүз керек, деген максатта эксперттерди атайын чакыртканбыз. Алар бардык тармакты карап, системага экспертиза жүргүзүп өз сунуштарын берет.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин ветеринардык жана фитосанитардык талаптар күчөдү. Кыргызстанга карата биримдиктин ветеринардык чектөөлөрү алына элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG