Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:26

Депутат Мискенбаев айрым куудулдарга чара колдонууну сунуштады


Куудулдар Борончу Кудайбергенов менен Тынар Курбаналиев
Куудулдар Борончу Кудайбергенов менен Тынар Курбаналиев

Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Мээрбек Мискенбаев бүгүнкү парламент жыйынында апрель революциясын күлкүгө айлантып, мазактаган куудулдарга мыйзам чегинде чара көрүүнү сунуштады.

Эл өкүлү Курманбек Бакиевдин туулган күнүндө ырдап келген эмгек сиңирген ырчы Бек Борбиевди мисал келтирип, апрель окуясында каза болгондордун туугандары айрым куудулдардын айткандарына нааразы экенин билдирди.

- Эски жараны козгоп, ыйык сахнада аларды көрсөткөнү эки жүздүүлүк. Бул куудулдарга маркумдун жакындары абдан нааразы болууда. Мындай адамдарга берилген наамдарды алып салуу керек. Өз элине чыккынчылык кылган оор кылмышка барабар. Бул ишти ИИМ кылдат иликтеп, мыйзам негизинде чара көрүлсүн деген талап коёлу. Маданият министрлиги өз сунушун киргизсин.

2014-жылы Бек Борбиевдин Беларуска барып, Курманбек Бакиевдин туулган күнүндө ырдап келгенин айрымдар айыптап чыгышкан. Обончу жана аткаруучу Бек Борбиев кай жерге барып ырдашын, кимге концерт коёрун өзү чечерин билдирген.

Мээрбек Мисенбаев 7-апрелде Бишкекте, ага чейинки Талас жана Нарындагы каршылык акцияларынын катышуучулары кирген “Айкөл-Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин төрагасы болчу. (КE)

XS
SM
MD
LG