2015-жылы Кыргызстанда адам укуктары жаатында абал начарлады. Бул тууралуу эл аралык Human Rights Watch уюмунун жаңы жарыялаган баяндамасында айтылат. Анда айрым укук коргоочулар, журналисттер жана юристтер бийликтин куугунтуктоосуна, кысымына кабылып жатканы белгиленген. Ошондой эле кыйноо, катаал мамиле жасоо фактылары уланып жатканы, 2010-жылдагы улут аралык жаңжалдын курмандыктары сот адилеттигине алигүнчө жетпей жатканы жазылган. Мисал катары укук коргоочу Азимжан Аскаровдун камакта отурганы айтылат.
Үй-бүлөдө аялдарга, кыздарга жасалган зомбулук азайбай, жардам алуу жана сот акыйкаттыгына жетүү үчүн тоскоолдуктар жоюлбаганы, сексуалдык азчылыктарга карата дискриминация уланып келатканы белгиленген. (КЕ)