Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:32

Эл баатыры Жусуевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 6-февралда өтөт


Кыргыз Эл акыны, Токтогул сыйлыгынын ээси, белгилүү акын Сооронбай Жусуевди акыркы сапарга узатуу тажыясы 6-февралда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт. Бул тууралуу акындын жакындары кабарлады. Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Бүгүн таңда Эл акыны Сооронбай Жусуев 91 жаш курагында дүйнө салган болчу. Акындын сөөгүн узатуу боюнча атайын өкмөттүк комиссия түзүлүп, маркум менен коштошуу митинги белгиленди.

Сооронбай Жусуев 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар кыштагында төрөлгөн. Айыл мектебин бүтөрү менен 18 жашында армияга кетип, Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияда кызмат өтөгөн. Алгачкы «Эмгек күүсү» аттуу ыр жыйнагы 1950-жылы басмадан чыккан. Андан бери акындын 30дан ашык китеби кыргыз тилинде, 14 китеби орус тилинде жарык көргөн. (ZA/KE)

XS
SM
MD
LG