Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

Казакстанда күн сайын рак илдетине чалдыккан 100 киши аныкталат


Алматыдагы онкология, радиология институту.
Алматыдагы онкология, радиология институту.

Казактанда рак оорусуна кабылгандар көбөйүп жатканы 4-февраль –Бүткүл дүйнөлүк ракка каршы күрөшүү күнүндө айтылды. Онкология жана радиология институтунун маалыматы боюнча, өлкөдө 156 миңден ашуун адам бул илдет менен катталган. Өлкөдө күн сайын 100 адамдан рак табылууда. Жылына кооптуу дарттан 16 миңге чукул адам көз жумат. Көптөгөн жарандар тери, өпкө жана ашказандын айыкпас дартынан жапа чегишет.

Дарыгерлер ар бир адамды саламаттыгы чың болгон күндө деле акысыз текшерүүдөн өтүп турууга чакырышууда.

Алматы онкология борборунун башкы дарыгери Диляра Кайдарованын билдирүүсүндө, рактын пайда болушуна бир канча фактор таасир этет. Маселен, генетикалык жагдайлар, катуу стресске кабылуу, гормоналдык өзгөрүүлөр ракка түрткү болууда. Чылым чегүү өпкөнүн, ичимдик ичүү ашказан жана боордун айыкпас дартына жеткирип жатат. Туура эмес тамактануу, жүрөк-кан тамыр оорулары, ашыкча салмак, кыймыл-аракеттин аздыгы да коркунучтуу илдеттин башаты болуп берет.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматында жыл сайын 14 миллион адамдан бул оору аныкталып, анын кесепетинен өмүр менен коштошкондордун саны 8 миллионго жетет.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG