Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:13

Жалал-Абад шаарына ипотекалык ыкмада көп кабаттуу үй курулат

Жалал-Абад
Жалал-Абад

Бул тууралуу "Азаттыкка" шаардын биринчи вице-мэри Таирбек Чойбеков билдирди. Анын айтымында, Спутник кичи шаарчасына курулуучу 60 батирлүү үй Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып салынып, бюджетик мекемелерде иштеген муктаж кызматкерлерге берилет.

Бул жумада фонддун башкаруу кеңешинин төрайымы Нурсулуу Ахмедова аймакта болгон учурда бул маселелерди талкуулап чыгышты. Бир-эки бөлмөлүү батирлердин чарчы метри 380 доллардан бааланууда. Турак жайдын курулушу ушул жылдын апрель айында башталат. (RsK)

XS
SM
MD
LG